Дастан Бекешев: «Каржы полициясы жоюлган. Аткезчилик менен ким күрөшөт?»

Күйүүчү майды аткезчилик жолу менен ташыса, аны жоопкерчиликке кайсы орган тартат? Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында суроо салды.

Кубанычбек Турдубаев: Бул маселе боюнча мен ойлойм, атайын укуктук органдар, чек ара иштеши керек.

Дастан Бекешев: Чек ара кызматы чек аранын маселесин чечиши керек да.

Кубанычбек Турдубаев: Чек аранын маселеси менен байланыштуу. Эгер чек арада эле буга бөгөт коюлса, эч кандай аткезчилик болбойт.

Дастан Бекешев: Мындай да, көрүп жатасыңар бизде аткезчилик болуп жатат. Ал эми чек ара чуркап издебейт да. Каржы полицияны жоюп алып, буга бир да жоопкерчилик алган орган жок болуп калды. Албетте, буга сиз жооп бербейсиз. Бирок өкмөт муну ойлонушу керек эле да.

Кубанычбек Турдубаев: Дастан Далабайевич, азыр биздин сунуш боюнча күйүүчү майды тышка чыгарууга тыюу салынды.

Дастан Бекешев: Биз Жогорку Кеңештин токтому менен тапшырма берип жатабыз. «Аткезчиликти токтотуу керек» деп. Ошондо азыр аткезчилик менен кайсы орган күрөшөт? Баалар кымбаттап жатат. Бул социалдык-экономикалык абалга терс таасирин тийгизип жатат.