«Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад боюнча чечим кабыл алууга мораторий жарыялай турууну сунуштады. Бул демилгеге карата башка депутаттардын пикири кандай экенин сурадык.
Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, азыр мораторий жарыялоого болбойт. «Сүйлөшүүлөр болгондон кийин так эле «Бизге болот же болбойт» деп айтыш керек», — деди ал.











