Дастан Бекешев күкүк аталарды мамлекеттик кызматка албоону сунуштады

Жогорку Кеңеш 11-октябрдагы жыйынында ата-энелерди багуудан качкандарды жазалоону катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Өзгөртүүлөрдүн демилгечиси — депутат Тазабек Икрамов. Анын айтымында, мыйзам долбоору эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энесин багуудан баш тарткан эмгекке жарамдуу жана бойго жеткен баласынын жазасын күчөтүү керек. Алардын мамлекеттик кызматта болуусуна чектөө киргизилет.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоор жакшы экенин айтып, бирок ата-энеси баласын карабай кеткен учурлар да бар экенин айтты. «Бул ата-энесин карабаган балдардын жоопкерчилигин гана карайт. Бирок балдарын карабаган ата-энелер да бар. Алардын да жоопкерчилиги болушу керек. Ушул эле жоопкерчилик болушу керек», — деди депутат.

Тазабек Икрамов бул сунушту экинчи окууда эске алууга убада берди.