Дастан Бекешев: «Мага Садыр Жапаровдуку делген аккаунттан да жаман сөздөрдү жазышкан. Эми далилдеп көр ким жазганын»

Депутат Дастан Бекешев «Жалган жана анык эмес маалыматтардан коргоо» боюнча «акылга сыйбаган» мыйзам долбоорун четке кагуу зарылдыгын билдирди. «Алар жазышат, сындашат, анткени сенин ордуңду алгысы келгендер, көрө албастар көп жана бул кадыресе көрүнүш. Чыдаш керек, мунун эч кандай жаман жери жок. Болбосо, бул фейктерден коркуп, үйдө отуруңуз. Ооба, фейктер жаман, бирок алар менен күрөшүүнүн механизми жок. 100 миллиарддык бюджети бар Фейсбук дагы бул жасалма нерселерди жеңе албайт, биз болсо эки миллиарддык бюджетибиз менен аларды жеңүүнү каалайбыз«, — деди ал. 

Мындан тышкары депутат ага карата Фейсбукта президенттин атынан жазылган комментарийди эске салды. «Алар мен жөнүндө, каалаган депутат жөнүндө фейктерди жазышат. Садыр Жапаровдуку делген аккаунт дагы мага жаман сөздөрдү жазышты. Анан өзүлөрү аккаунтту бузушту деп жатышат. Эми ал өзү жазбагандыгын далилде. Ошондуктан, бул мыйзам бүгүнкү бийликте отургандарга гана пайдалуу. Жөнөкөй жаранга ал зыян гана келтирет. Ар кимдин оозун жабууга болбойт, алар ашканада ар кандай сөздөрдү айтышат. «Сен мен жөнүндө туура эмес айтып жатасың» деп ар кимдин ашканасына барабызбы. Отургучтарда чоң энелер «Ар бир депутаттын 100 ойношу, кымбат баалуу унаалары бар» деп ар кандай сөздөрдү айтышат. Алардын оозун жаптыра албайсың, бул акылга сыйбаган мыйзам да жардам бербейт. Биз аны четке кагышыбыз керек», — деди Бекешев.

3-мартта социалдык тармактарда депутат Дастан Бекешевдин Конституциянын жаңы долбооруна карата сын  айткан видеосунун алдына Садыр Жапаровдун Фейсбук баракчасынан анын ден соолугунун абалына байланыштуу кемсинткен комментарий жазылган. Президенттин бул комментарийи интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынган. Мындан улам Жапаровдун басма сөз кызматы президенттин интернет баракчасына хакердик чабуул болгонун айтып, билдирүү Жапаровго тиешеси жок экенин айткан. Андан көп өтпөй эле Садыр Жапаров өзү да социалдык тармактарга Фейсбуктагы баракчасы тууралуу түшүндүрмө жазган. Ал эми буга депутат “Көзүм сокур болсо да, көөдөнүм сокур эмес” деп жазылган кийимди кийип сүрөткө түшүп жүктөгөн.