Дастан Бекешев: «Мен Чыңгыз Айдарбековдун позициясын сыйлайм»

10 күн мурда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кемпир-Абад Өзбекстанга өтө турган макулдашуунун долбоорун карап, добуш беришкен. Бирок бул чечимге ошондон бери комитеттин төрагасы болгон Чыңгыз Айдарбековдун кол койбой жатканы талкуу болуп жатат. Бүгүн ал комитет төрагалыгынан алынды. Мындан улам, бул тартыш маселенин тегерегинде депутаттарга суроо бердик.

Депутат Дастан Бекешов ал да Чыңгыз Айдарбеков сыяктуу комитет төрагалыгынан кетмек экенин айтты. «Айдарбеков туура эле кылды. Анын позициясын мен сыйлайм»,- деди ал.