Дастан Бекешев: «Өч алуудан кетиш керек»

«Саясий коктейль» берүүсүндө маек берген парламент депутаты Дастан Бекешев «өч алуучулук» саясатты колдобой турганын билдирди.

«Райымбек Матраимовду калкалаган деп Сооронбай Жээнбековго иш ачуунун кереги жок. Мындай кыла берсек кийинки президент анда биротоло узурпатор болуш керек же жумушка кирери менен кол тийбестиктен баш тартуусу керек болот. Президент коркуп, чечкиндүү болбой калат. Бул өтө жаман көрүнүш. Өч алуудан кетишибиз керек», — дейт.

Депутат Бекешевдин маегин толугу менен шилтемеден табасыз.