Дастан Бекешев: «Өлкөдө курулуш тармагында шылуундар өтө көп. Элдер жүдөп жүрүшөт»

Өлкөдө курулуш тармагында шылуундар өтө көп. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Алган милдетти аткарбайт. Үйлөрдү сапатсыз куруп, колдонууга бербей, жарандар жүдөп жүрөт. Мен керек болсо факты менен айтам. Мисалы, бир курулуш компания үй курду. Ал жерде бала бакча болушу керек болчу. Жерди ижарага алышкан. Эми ошол жердеги үйлөр берилбей жатат», — деди ал.

Ал ошондой эле бир нече компаниянын атын атап, нааразычылыгын айтты.