Дастан Бекешев: «Парламентте Элдик курултайда көтөрүлгөн эле маселелер көтөрүлөт»

«Парламентте Элдик курултайда көтөрүлгөн эле маселелер көтөрүлөт. Бизде жума сайын ар кандай маселе деген бар. Ошол жерде депутаттар өлкөдөгү көйгөйлөрдү көтөрүшөт». Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда депутат Дастан Бекешев СуперТВ телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Жогорку Кеңеште президенттин өкүлү отурат. Ал айтылган көйгөйлөрдү президентке жеткирет. 1-2 жумадан кийин кат жүзүндө маалымат берилет. Бирок бир нерсеси жакшы — аймактардан келгендер түз президентке суроолор менен кайрылышты. 1072 делегат келди. Мүмкүн 5 эле пайызы суроо бере алды. Калганы жөн эле отуруп, угуп кетишти. Алар кызматкерлер менен сүйлөштү. Курултайдын өткөнү президентке, элге жакшы болушу керек, бирок бир максат болушу керек. Биз ошону конституциялык мыйзам долбооруна жазышыбыз керек», — деди ал.