Дастан Бекешев президентке жарандар менен кантип байланышуу керектиги боюнча кеңешин айтты

«Президентке кантип барсам, жазылсам болот деген жарандар көп». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

«Бир сунуш бар. Президентке жеткирсеңиз. Көп жарандар «Президентке кантип барсам болот? Жазылсам болобу? Суроом бар эле» деп сурап жатышат. «Жекече маселелерим бар» деп мага эле эмес, башка депутаттарга да кайрылышыт. Улуттук каналды берип жатабыз. Ай сайынбы, жума сайынбы министрлерди чакырып, түз эфирде 2-3 саат болобу жарандардын суроолоруна жооп берсе, жакшы болот эле», — деди ал.