Дастан Бекешев расалык кастыкты козутуу боюнча жазаны жеңилдетүү сунушун киргизди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жазык кодексинин 313-беренесинде көрсөтүлгөн тагыраагы «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» кылмыш үчүн жазаны жеңилдетүү демилгеси менен мыйзам долбоорун сунуштоодо. Анын бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, учурдагы беренеде кылмыш үчүн 3-категория боюнча адам (жашы жете электер — 2,5 жылдан 4 жылга чейин, андан жогорку курактагылар — 5 жылдан 7,5 жылга чейин) эркинен ажыратылат.

«Мында санкцияны жайылткан маалыматтардын мазмуну, жасалган окуянын контексти, даражасы, тараптардын пикирлери жана маалыматтарды жайылтууга байланыштуу терс кесепеттер көз карандысыз колдонулат. Жаза аныктоодо кандайдыр бир жеӊилдетүүчү жагдайлар мыйзам менен каралган эмес. Ошол себептен Жоруктар жөнүндө кодексти тиешелүү берене менен толуктоо, Жазык кодексиндеги беренеге толуктоо киргизүү кажет», — деп жазылган Бекешевдин мыйзам долбоорунда.

Мындан улам депутат төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган: