Дастан Бекешев: «Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова бийликти ала алышпайт»

Мындан эки күн мурда 20дан ашуун саясатчылар жана жарандык активисттердин үйүндө тинтүү жүрүп, кармалып, андан ары алар камакка алынышты. Ички иштер министрлигинен бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Биз массалык кармоолорго байланыштуу депутаттардын пикирин билип көрөбүз.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, бул аракеттер мыйзамсыз. «Чындыгында, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова булар бийликти ала алышпайт. Булар мыйзам бузууга барышпайт. Мен аудио жазууларды көрдүм. Муну караш керек, чындыгында эле тополоңго даярданыштыбы же жөн эле пикирби. Менимче, бул жөн эле пикир. Мен ага ишенбейм, мен бир жыл мурда дал ушул абалда болгом. Бул ишти караш керек. Аялдарга үй камагын берсе болот», — деди ал.