Дастан Бекешев: «Санариптик өнүктүрүү министрин кызматтан кетириш керек»

Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “Дастан” баштаган мамлекеттик ишканаларды Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берген. «Бул төрт ири ишкананы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү туура болдубу?» деген суроо менен эл өкүлдөрүнө кайрылып көрдүк.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, аларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинен карамагынан алып салуу зарыл. «Санариптик өнүктүрүү министрин кызматтан кетириш керек. Бул туура эмес», — деди ал.