Бекешев УКМКга: «Эми силерди кантип алдап кетишкенин Түркиянын УКМКсынан сурайсыңарбы?»

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйында кыргыз жараны Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маалымат угуп жатышат. Жыйынга ИИМдин, УКМКнын, ТИМдин өкүлдөрү келишти.

Жыйында депутат Дастан Бекешев УКМКга кайрылып, аларды Түркиянын атайын кызматы алдап кеткенин айтты. «Менин УКМКга суроом бар. Эми силер Түркиянын УКМКсынан сурайсыздарбы силерди кантип алдап кетишкенин?» — деди эл өкүлү.

«Бизде тийиштүү чаралар жүрүп жатат. Анын ичинде суроолор камтылган», — деди УКМКнын төрагасынын орун басары.

Депутат: Сиз өзүңүз УКМКга кандай баа бересиз? Сиз орун басарысыз. Биздин өлкөбүздө башка атайын кызмат келип, иштеп, кишини алып кетип, демек, каалаган мамлекет кире берсе болот турбайбы?! 

УКМКнын өкүлү: Өзүмдүн жумушума өзүм баа бере албайм. Коомчулук баа берет. 

Депутат: Бул деген уят. Силерди түркиялык коллегаңар албап кетишти да. Бул биздин атайын кызматка уят.