Жогорку Кеңеште депутаттар саламаттыкты сактоо министрин жалпы жыйынга чакыруу талабын коюшууда. Эл өкүлү Тазабек Икрамов министр парламентке келип, калкты эмдөө, жаңы штаммдар боюнча түшүндүрмө бериши керек деген ойдо.
«Мен бир ай мурун министр парламентке келип, вакцина, азыркы коронавирустун жаңы штаммдары тууралуу толук түшүндүрмө берсин деп протоколдук тапшырма бергем. Андан кийин комитеттердин да жыйыны өттү, ага да келген жок. Палатага алып чыгалы десек, ал да каралбай жатат. Туура, президент сыйлап атат экен ал министрди. Ушул жерде отурган депутаттарды, комитетти, палатаны да сыйлаш керек да. Ар бир кылган жумушу тууралуу отчет бериш керек. Президентке жакын адамдардын баарын көргөнбүз. Буга чейинки министрлер да жакын болгон. Азыр алар каякта? Анчалык асманда жүрбөш керек. Келип, мобу жерге отчетун берсин. Бүгүн анын иш ордуна туура келери каралышы керек. Чакырыңыз келсин», — деди ал.
Министрдин Жогорку Кеңештин жыйындарын этибарга албай, келбей жатканына депутат Дастан Бекешев да нааразы болду.
«Мен дагы ушул талаптарга кошулам. Саламаттыкты сактоо министри уу-коргошун ичкенге убакыт табат, парламентке келгенге убактысы жок. 24 саат иштеп атам деп. Аны президент да айтып жатат. Мүмкүн экөө 24 саат бою резиденцияда отуруп атат.
Буга биз да күнөөлүүбүз. Жаңы Конституцияны кабыл алып берип койдук. Бул авторитардык режимдин көрсөткүчү. Мына, министрлер дагы парламентти сыйлабай калышты. Керек болсо ал министр кээ бир депутаттарга чалып, «силерди андай кылам, мындай кылам» деп кыйкырып атат. Бул жакка келсин. Биз азыркы иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча карап көрөлү, керек болсо, ишеним көрсөтпөй коёлу, керек болсо, кызматтан кетирели», — деди Бекешев.










