Дастан Бекешев: «Азыр адам уурдаган тоок уурдагандай эле болуп калды»

Азыр адам уурдаган тоок уурдагандай эле болуп калды. Мындай оюн бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, коомчулукта Орхан Инандынын Кыргызстандан чыгып кеткени айтылууда.

«Өлсө сөөгү табылмак, бул жерде саясат болгон жокпу?» — деди эл өкүлү.

«Бул жерде саясаттын бар-жогун биле албайбыз. Биздеги версиялар боюнча иштер жүрүп жатат«, — деди ички иштер министринин орун басары.

«Менин оюм боюнча, бул киши азыр Кыргызстанда жок. Бул иштин бети 5-10 жылдан кийин ачылат. Ошондо уят болобуз. Далай кишиге кылмыш ачылат. Саясат болбосо. Адам жөн эле жоголбойт да. Демек, каалаган адамды уурдаса болот турбайбы. Милиция таба албайт экен да. Бул окуя ушуну көрсөтүп жатат», — деди депутат.