Дастан Бекешев: «Бул мыйзам кабыл алынса, кедейлер түрмөдө, байлар жыргалчылыкта болушат»

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сынга алды. Анын айтымында, бул мыйзам байлардын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусунан качууга жардам берет.

«Демилгечилердин биринин жубайы Каржы полициясына 200 миллион сом төлөдү. Бул жерде чынын айтыш керек: бул кылмыш жоопкерчилигинин кунун сатып алуу. Башкача айтканда, төлөп бериңиз да, каалаган нерсе менен алектенсеңиз болот, салыктан качсаңыз да болот дегендик. Бул мыйзам кабыл алынса, кедейлер түрмөдө отурушат, ал эми байлар жыргалчылыкта болушат. Мунун баары мыйзамда, Конституцияда так жазылган: мыйзам жана сот алдында баары бирдей», — деди Бекешев.