Дастан Бекешев: «Пандемия учурунда адамдар каза болуп жатканда айрымдар акча топтоп жатышты»

«Пандемия учурунда келген гуманитардык жардамдын кимге, качан берилгени ачык көрсөтүлгөн эмес. Жарандар илдеттен каза болуп жатканда айрымдар жөн гана акча жасап жатышты». Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Телеграм каналына жарыялады.

Анын айтымында, кечээ өкмөттө грант негизинде келген акча каражатын бөлүштүрүү боюнча комиссия өлкө коронавируска каршы кандай күрөшкөндүгү боюнча алты доклад менен таанышкан.

“Көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды. Келген гуманитардык жардамдын кимге, качан берилгендиги белгисиз. Дээрлик эч ким көзөмөл кылган эмес. 2019-жылы 24 миң адам, 2020-жылы 28 миң адам кайтыш болгонун айтышты. Расмий статистика менен жана комиссия эсептегени боюнча ортосунда бир канча миң кишиге айырма бар. Бирок айрым каза болгон жарандардын өлүмүнүн себеби такыр башкача жазылган. Адамдар илдеттен жакшы болбой, өмүрү менен кош айтышып жаткан учурда айрымдар жөн гана акча жасашкан», — деди Бекешев.

Комиссия бул боюнча дарыгерлерди эмес, айрым ооруканалардын жетекчилигин жана башкы дарыгерлерди жоопко тартууну чечкен.

Буга чейин мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев гуманитардык жардам боюнча иштерге шектелип жатканы маалым болгон. Бул ишке экс-премьерлер Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кубатбек Боронов күбө катары чакырылган. Ошондой эле Финпол экс-вице-премьер Аида Исмаилованын да бул ишке катыштыгы бар экендиги н билдирген эле.