Дастан Бекешев президенттин чуу жараткан комментарийине жооп кайтарды

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун чуу жараткан комментарийи боюнча үн катты. Анда ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: “Көзүм сокур болсо да, көөдөнүм сокур эмес”,- деп жазылган кийимди кийип сүрөткө түшүп жүктөгөн. Ошондой эле Бекешев сүрөтүнүн алдына: “Садыр Жапаровго жооп кайтарам”,— деп жазып койгон.

Белгилей кетсек, кечээ 3-мартта социалдык тармактарда депутат Дастан Бекешевдин Конституциянын жаңы долбооруна карата сын  айткан видеосунун алдына Садыр Жапаровдун Фейсбук баракчасынан анын ден соолугунун абалына байланыштуу кемсинткен комментарий жазылган. Президенттин бул комментарийи интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынган. Мындан улам Жапаровдун басма сөз кызматы президенттин интернет баракчасына хакердик чабуул болгонун айтып, билдирүү Жапаровго тиешеси жок экенин айткан. Андан көп өтпөй эле Садыр Жапаров өзү да социалдык тармактарга Фейсбук түйүнүндөгү жеке баракчасы тууралуу түшүндүрмө жазган. Анда ал: “Менин аккаунтумдан бирөө жарым кирип, комментарийлерди жазыптыр”,— деп айткан болчу.