Дастан Бекешов: «Уурулар кол кап, бет кап кийип, камерадан коркпой түз эле кирип келип жатат»

Парламент депутаты Дастан Бекешев өлкөдө уурулук күч алганын белгилеп, өкмөттүн ишин сынга алды. Ал мындай пикирин бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Инфляция болуп, азык-түлүктүн баасы кымбаттап атат. Биз муну кечээ да, мурунку күну да талкуулаганбыз, кайра эле талкуулай беребиз. Бирок кайра эле өкмөттөн да, президенттен да көйгөйдү чечүү жолдору сунушталбай жатат. Пандемиянын фонунда жумушсуздук күч алды, көптөр жумушун жоготту. Алар эмне кылышы керек? Уурулук күч алганын билесиңерби? Уурулар кол кап, бет кап кийип алып, камерадан да коркпой түз эле үйгө кирип келип жатышат. Укук коргоо органдары ушул көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн ордуна активисттердин артынан ким эмне кылып атканын аңдып жүрүшөт. Күлкү келе турган нерсе. Фейсбукта бир нерсе жазып койгондорду түрмөгө отургузуп, ууруларды түрмөдөн чыгарып жатышат. Бул туура эмес. Биз каякка келдик, каякка баратабыз?«, — дейт депутат.

Акыркы айларда соцтармактарда үйүн тонотуп жиберген шаардыктардын баянын көп кездештирүүгө болот. Алар уурулардын эч нерседен тайманбай, короодогу камераны тоотпостон кирип келип жатканын айтып, «өз үйүндө тынч жата албаган заман келди» деген нааразы сөздөрүн калтырышат.