Дастан Догоев санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Ошондой эле, Дастан Догоевдин талапкерлигин санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынат.