Дастан Жумабеков: «Конок кылып чакырганда төрага катары барып, жакшы сөзүбүздү айтканбыз»

Райымбек Матраимов туура бир апта мурда УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка киргизилген. Матраимов кармалганда аны колдоп чыккандардын митингинде саясатчылардан бир гана эл өкүлү Таабалды Тиллаев болгон. Буга байланыштуу СуперТВ каналы «Кечээ эле Матраимовдордун тоюна жоон топ саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, чиновниктер барып жатышкан. Бүгүн Матраимовдордун тарапташтарынын катарында бул саясатчылар көрүнбөй эле. Бул көрүнүшкө кандай комментарий берет элеңиз? Алар Матраимовдон жүз буруп кетиштиби?» деп суроо салды.

«Мындай иш чаралар депутаттар арасында көп өткөрүлөт. Конок кылып чакырганда төрага катары барып, жакшы сөзүбүздү айтканбыз. Бул мыйзамдын чегинде. Ал эми калган иш укук талаасында болуш керек», — деди Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков. Депутаттын айтымында, бул иш-чарага атайын чакыруунун негизинде гана катышкан.

Сурамжылоону толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.