Президент Садыр Жапаров 2 күндүк иш сапары менен Орусия мамлекетине барып келди. Бул ажонун мамлекет башчы катары алгачкы иш сапары болду.
Буга байланыштуу СЕРЕП МЕДИА агенттиги Жогорку Кеңештин депутаттарына “Бул иш сапардан эмне күтүп жатасыз?”,— деп суроо салдык.
Депутат Дастан Жумабековдун айтымында, Кыргызстандын Орусия менен болгон мамилеси жогору турганын Владимир Путин баалап өткөн.
«Орусия президентине жолукканда биздин мамлекетке карата мамилеси кандай экендиги билинди. Кыргызстандын башка мамлекеттер менен соода-сатык алакасы анын ичинде Орусия менен болгон мамилеси жогору турганын Орусия президенти баалап өттү. Бул Орусиянын Кыргызстанга болгон экономикалык кызыкчылыгын көрсөттү. Орусия менен бардык тараптан кызматташып келгенбиз. Жеке оюмча бул мамилелер уланышы керек», — деди ал.











