«Давайте дебей эле сүйлөңүз». Жогорку Кеңеште эки депутат кайым айтышты

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Марлен Маматалиев менен Султанбай Айжигитов экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алды. Кайым айтышуу Маматалиев өзгөртүү киргизип жаткан “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам долбоорду карап жатканда чыкты. Айжигитов алтын казган компаниялардын кирешесинин кеминде 30 пайыздык үлүшүн милдеттүү түрдө мамлекетке алуу мыйзам долбооруна каршы болуп, мамлекеттин үлүшүн кеминде 70 пайыз кылып көтөрүү керектигин айтты.

«Мен жооп берейин. Аксакалдар туура насаат айтса, жакшы болмок. Буга чейин лицензияны 300-1000 сомго сатып келишти го. Сиз ошол жерде канча жыл иштедиңиз, эмне үчүн ушул маселени көтөрбөй азыр айтып жатасыз?» деп суроо салды Маматалиев.

«Менин да жообум бар. Мына Марлен Маматалиев өзү айтты, эң азы 30 деп жатабыз дейт. Бул коррупциялык иштердин талаасы болуп калышы мүмкүн. Жаш саясатчылар ушинтип сүйлөп жаткан болсо, Кыргызстандын келечеги аябай чоң коркунучта. Ошондуктан давайте..» деп Айжигитовдун сүйлөгөнүнө Маматалиев «Давайте дебей эле сүйлөңүз» деди.