Дебаттан дагы бир чуу! КТРКнын операторуна кысым көрсөтүлгөнү айтылды

Кечээ, 7-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин катышуусунда экинчи телетаймаш болуп өттү. Ага Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова жана Равшан Жээнбеков келди. Бул дебатка да бир күн мурда катуу сынга алынган алпаруучулар модераторлук кылышып, мындан улам, айрым талапкерлер аларга карата ага чейинки кетирген каталарын тизмектеп беришип, эскертүү кылышты.

“Келесоо адам узата турган жана маанисиз суроолорду бербөөнү талап кылам. Биздин убактыбызды текке коротпогула. КТРК бул бирөө жарымдын менчиги эмес, бул коомдук телеканал”, — деди Сооронкулова. Азыркы тапта дебатка тыкыр көз салган коомчулук кечээ күнү болуп өткөн телетаймаштагы дагы бир учурду кызуу талкуулап жатат. Сегизбаев сүрөт көрсөтөр алдында оператор элге аны жакындатып көрсөтүүнүн ордуна жалпы планды көрсөттү. Буга чейинки дебатта УКМКнын мурдагы төрагасы Садыр Жапаровдун Жаныш Бакиевдин тоюна барган сүрөттөрүн көрсөткөн эле. Дал ошол окуя кечээ да сөз болуп, Сегизбаев ошол сүрөттү ири планда көрсөткөндүгү үчүн операторго кысым болгонун билдирген болчу.