Дебаттын чуусу КТРК жабылсын деген сынды күчөттү

КТРК жабылсын, аталган телеканалдын бюджеттин эсебинен каржыланууга акысы жок, бери дегенде, директору кызматтан кетсин. Дал ушундай жана башка кескин сын-пикирлер кечээ, 6-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин катышуусунда өткөн дебаттан кийин жаап жатат. Учурда талкуу болуп жаткан телетаймашка Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Эльдар Абакиров, Аймен Касенов келди. Ал эми дагы бир катышуучу Садыр Жапаров экинчи дебатка да келбей койду.

Телетаймаш чү дегенде эле алпаруучулардын БШКнын телеканалга жөнөткөн каты деп, башка талапкер тууралуу жаман сөз айтпоо керек деген тыюу салуусунан башталды. Буга карата Мадумаров “ошол “ыйык” адамдын ысымын айтууга болбойт деген кагазды көрсөткүлө” деп жооп кылып, башка талапкерлер да кошулду. Андан ары да дебат талапкерлер ортосунда эмес, алпаруучулар менен талапкерлердин ортосундагы талашуу менен жүрүп отурду. Мындан улам талапкерлер алпаруучуларды бийликтин камчысын чаап атасыңар деп сындап, «КТРК деги качан оңолосуңар?» деп суроо салышты.

Телетаймаштын тузу алпаруучулардын биринин аба-ырайы тууралуу берген суроосу болду. Ал шайлоо өтө турган «10-январда күн жылуу болот экен, жарышта жеңилип калсаңыздар, элди аянтка чыгарбайсыздарбы?» деп сурады. Талапкерлерге берилген дал ушул собол учурда коомчулук тарабынан шылдыңга алынып жаткан кези.