Дебаттын чуусунан улам 4 талапкер кайрылуу жасады

БШКнын координациялык тобу кечээ, 6-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин катышуусунда өткөн дебатты иликтеп чыгат. Телетаймашта талапкерлер тарабынан алпаруучуларга карата президенттик башкарууга үгүт кылуу менен суроо берилгени айтылган. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, журналисттер агитация жасабашы керек.

Телетаймаштан кийин социалдык тармакта “КТРК жабылсын, аталган телеканалдын бюджеттин эсебинен каржыланууга акысы жок, бери дегенде, директору кызматтан кетсин” деген өңдүү сын-пикирлер жазылган. Дебатка  Мадумаров, Исаев, Асанов, Абакиров, Касенов келип, дагы бир катышуучу Жапаров экинчи дебатка да келген жок.

Бүгүн, 7-январда айрым президенттикке талапкерлер дебаттын жүрүшүндөгү мыйзам бузуулардан улам КТРКнын жетекчилигине кайрылышты. “Алпаруучулар жаңылыш пикирин жашырбай, бардык катышуучулар үчүн бирдей маалыматтык мүмкүнчүлүк беришкен жок. Алар бир канча жолу жеке позициясын билдирип, суроолор бир беткей түзүлгөн”, — деп жазылат кайрылууда. Ага Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Абдил Сегизбаев, Клара Сооронкулова кол койгон.