Дем алыш күнү башталган президент Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапары

Бүгүн, 31-январда президент Садыр Жапаров Аламүдүн районундагы Мыкан айылында «Ынтымак-билим» билим берүү, маданий жана ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушунун иши менен таанышууга барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жапаров алгачкы иш сапарында курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкан соң, жалпы эл менен жолукты. Анда ал азыр ар бир күн өлкө үчүн кылымга тете экенин, андыктан эс алууга укугу жок экенин белгилеп, бардык күчүн өлкөнү өнүктүрүүгө жумшай турганын айтты.

«Биз күнү-түнү элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө ант бергенбиз, өзгөртүүлөрдү күткөн элдин үмүтүн актайбыз», — деди президент.

Мамлекет башчысы барган комплексти Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы каржылап жатат. Ал жерге 500 орундуу мектеп, спорт зал, ФАП, административдик имарат, мечит, футбол талаасы жана оюн аянтчалары курулуп, 1-сентябрда пайдаланууга берилери күтүлүүдө.