Ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумга келе алган жок

Ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумга келе алган жок. Бул тууралуу SUPERTV.KG сайтына адвокат Замир Жоошев билдирди.

“Бүгүн соттук отурум болбой калды. Себеби эки айыпталуучу, тагыраагы Алмазбек Атамбаев жана Албек Ибраев соттук отурумга келген жок. Атамбаевдин отурумга келе албай калганы — бул анын ден соолугуна байланыштуу колониядан кат жөнөтүлгөндүгү менен түшүндүрүлдү. Соттук отурум бир аптага жылдырылды”, — деди Жоошев.