Департаменттин директору: «Дары-дармек кымбаттайт. Дары-дармексиз калбайбыз, запас 2-3 айга жетет»

«Дары-дармек кымбаттайт. Дары-дармексиз калбайбыз, запас 2-3 айга жетет». Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдыктар департаментинин директору Нурдин Кагаздиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга алып келинген жалпы дары-дармектин 5 пайызы Украинадан, 16 пайызы Орусиядан алып келинет. «Мониторинг жүргүздүк. Дары-дармектердин тартыштыгы жок. Фармацевтикалык фирмалардын кампаларында 2-3 айга жеткен запас бар. Доллардын курсу көтөрүлүп жатканы үчүн дары-дармектер да кымбатташы мүмкүн. Биз беш айга бааны жөнгө салууну токтото туралы деп жатабыз. Андай кылбасак, фирмаларга дары-дармекти алып келүү пайдасыз болуп калат жана алар алып келүүнү токтотот», — деди департаменттин директору.