Депутат 1 жумадан бери издеп, таппай жүргөн Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев Балыкчы шаарынын мэрин 1 жумадан бери таппай жатканын айткан.