Депутат: «1 миң сом карызы үчүн жаранды чек арадан өткөрбөй койгон болбойт»

«1000 сом карызы үчүн чет өлкөгө чыгарбай коюу туура эмес». Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

«Элдин баары канча айып пулу бар экенин биле бербейт. Кээде жол эрежесин бузганы үчүн дагы айып жазылат. Андыктан бул сумманын көлөмүн 10 миң сомго чейин көтөрбөсөк, карапайым жарандар эле кыйналат», — деп айтылат маалыматта.

«Азыр 1 миң сом үчүн өлкөдөн чыгарбай коюу туура эмес. Жаран 10 миң сомдон ашык суммага билет алса, түн жарымында аны чек арачылар учурбай койсо, же төлөгөнгө терминалыңар болбосо, төлөсө шак ошол жерден алып сала албасаңар, бул кыйноо болуп калып жатат. Жок дегенде, 10 миң сомго көтөрүш керек», — деди Жусупбек Коргонбай уулу.