Депутат 200 ата-эненин атынан Орусиянын абактарынан кыргызстандыктарды өлкөгө экстрадициялоону суранды

Hands of men desperate to catch the iron prison,prisoner concept,thailand people,Hope to be free.

«200дөй ата-эне келиптир. Чыгып, 2 сааттай жолугуп келдим», — деди депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Президент менен жолугуша алышкан жок. Министрлер кабинетинен жооптуу киши чыкты. Бүгүн да 7 олбустан келген ата-энелер жүрүшөт. Балдары Орусиядагы түрмөлөрдө экен. «Вагнер» сыяктуу компаниялар азгырып, согушка мажбурлаган аракеттер болуп жатканын айтып, балдарыбызды эмне кылабыз дейт. «Бизди Кыргызстанга которуп кетсе жакшы болот эле» деген 200дөн ашык жарандын энеси кайрылды. Башкы прокуратура, Жогорку Сот бул иш боюнча аракет көрбөсө болбойт. Бул президенттин иш сапарында талкуулануучу темалардын бири болушу керек. Азыр Орусиянын абактарында 1064 кыргызстандык отурат, аларга бизге керек», — деди Жанар Акаев.