Депутат Абдалиев: «Баткен окуясынын ардагери тилемчи болуп калыптыр»

«Баткен окуясынын ардагери тилемчи болуп калыптыр». Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кечээ мага Баткен согушунун ардагерлери келишкен болчу. Аларга макам беришибиз керек. Такыр көңүл бурулбай калыптыр. Бир эле мисал. Баткен окуясынын бир ардагери тилемчи болуп калыптыр. Дарыланыш үчүн формасын кийип алып, базарма-базар жүрөт экен. Видео далилдери менен көрсөтүштү. Буюрса, жакын арада ага барып жолугам», — деди депутат.