Депутат Адахан Мадумаров УКМК Баткен облусунун тургундарынын укугун бузуп жатканын айтты

«Биздин фракция иш сапар менен Баткен, Ош облустарына барып келдик». Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал иш сапардын алкагында көп жапайычылык иштерге туш болгонун айтты. «Эки айылдын ортосуна пост коюп алган жапайычылыкты көрдүк. Кыргызстандын аймагында жарандар ээн-эркин басып жүргөнгө укугу бар. Министрлер кабинети чыгарган токтом менен иш алып барып жатабыз дешти. Токтом Конституцияга каршы келет. Жазгы талаа жумуштары башталып жатканда дыйкандардын канын ичип, Сүлүктү менен Лейлектин ортосунда постторду коюп алышыптыр. Коопсуздук кызматы качып жүргөнүн өзүңөр көрдүңөр. Бул маскара, уят. УКМК сабатсыздыгын көрсөттү. Ошол посттор бүгүнкүгө чейин алынбай турат. Тез аранын ичинде маалымат берсин», — деди ал.