Депутат Медициналык академиянын ректору эмне үчүн кайра ордуна келгенине кызыкты

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков кезинде адамдардын сөөгүн сатууга байланыштуу окуяда тиешеси бар делген Медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова кайра иштеп жатканын айтты.

«Учурдагы Медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова кезинде адамдардын сөөгүн сатуу боюнча жумуштан айдалган. Ал азыр кайра жумуш ордунда иштеп жатат. Бул иштер боюнча иликтөө жүргүзүлүшү керек«, — дейт депутат.