Депутат Маткеримов: «Агамдын уулу үйлөнгөндө кошумча кошо алган жокмун. Менин барганым чоң кошумча болду»

Депутат Улукбек Ормонов той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Документ ысырапкорчулукка каршы жана пандемияга байланыштуу экендиги айтылат. Ага ылайык, үйлөнүү-үлпөт тойлоруна 200дөн 300гө чейин адам катышуусу керек. Маркумду акыркы сапарга узатуу ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз, куран окутуу 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлүшү шарт. Мыйзам долбоорунда бул талаптарды бузгандар жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо, иштен алынат деп жазылган. Буга байланыштуу SUPERTV телеканалынын «Собол TIME» рубрикасынын алкагында депутаттарга кайрылдык.

Депутат Айбек Маткеримовдун айтымында, чындыгында чыгымдар көбөйүп кетти. «Мен кээде ойлоп кетем, жарыш жүрүп жатабы деп. Жарышып жатабы бири-бири менен деп. Өлгөндө да тойдой болуп кетип жатат», — деди ал.

Ал акыркы жолу тойго агасынын уулу үйлөнгөндө барганын айтат. «Кошумча кошо алган жокмун, менин барганым чоң кошумча болду», — деди.