Депутат Айбек Осмонов мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды

Депутат Айбек Осмонов мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынына өлкөдөн чыгып кеткени айтылган Айбек Осмонов жыйынга келген.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов эмгек өргүүгө чыгып кеткенин жазышкан. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан Айбек Осмонов үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу акча төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканын маалымдашкан болчу.