Депутат Айгүл Айдарова: «Мени «Орозайым Нарматованын ордуна келди» дешти. Мен болбосом башкасы келмек да»

«Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабыздын кезектеги каарманы Айгүл Айдарова жана анын кабинети болду. «Ак Үйдөгү эң арзан кабинет меники. Диваны, полу күйүп кеткен, креслосу жок, компьютери иштебеген кабинет беришти» дейт ал.

«Компьютерди өз чөнтөгүмдөн деле чыгарып алсам болот. Бирок кымбат экен. 800 долларга жетет дешти. Андайды ала албайм. Бизди мамлекет камсыздашы керек болчу. Күтүп жатабыз», — деди ал.

Ал ошондой эле депутат болгон соң, гардеробу өзгөргөнүн айтты. «Милицияда форма кийип жүрчүмүн. Азыр классика кийип баштадым. Така кийгенге көнө албай жатам, бирок айрым жерлерге кийиш керек экен», — дейт ал.

Депутат учурда убактылуу кармоочу жайда кармалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова тууралуу кеп салды. «Жакшы деле тааныбайм. Үгүт учурунда чогуу жүрдүк. Сөзсүз ага жабышып, сырдашып калбайм да. Аны жакшы тааныш үчүн бир тууган болушу керек. Жаман сөздөргө көнүп калгам. Анын ордуна келди дешет, анын ордуна башка бирөө келет да. Бул орунду эч ким сатып алган эмес. Дубамдын ичинде ал кыз бар, бирок басып барган жокмун», — деди ал.