Депутат аймактардагы май куюучу жайларда соляркага чектөө киргенин айтты

«Аймактарда күзгү талаа иштери жүрүп жатат. Май куюучу жайларда соляркага 40 литр чектөө коюлуптур. Бул эмнеге жетет?». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Исмаилов билдирди.

«Азыр дыйкандар 2-3 май куюучу жайларды айланып, солярка чогултканга мажбур болуп жатышат. Ошону карап койгула», — деди ал.