Депутат Дастан Бекешев чиновниктердин тагынган сааты Rolex, мингени Maybach экенин айтып, мыйзамга “коррупциялык жүрүм-турум” түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады.
«Кээ бир чиновниктердин сааттары Hublot, Rolex, Audemars Piguet, минген унаалары Lexus 600, Крузак 300, Maybach. Булар өтө кымбат. Күн сайын кымбат ресторандарда тамактанып, бизнес-класс менен учушат. Декларациясын карасаң маянага жашап, бизнеси жок. Бул коррупциялык жүрүм-турум. Ушуну мыйзамга киргизиш керек», — деди ал.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева эл өкүлүнүн пикирин колдоп, бул багытта мониторинг жана анализ жүргүзө турган башкармалык иштеп баштаганын белгиледи.






