Депутат: «Айрым үй-бүлөлөрдө айлап эт жебеген күндөр өтүп жатат»

«Бүгүнкү күндө кымбатчылык кокого жетти. Карапайым эл кыйналып жатат». Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө айлап эт жебеген үй-бүлөлөр бар. «Бензиндин баасы 62 сомго чыкты. Айрым үй-бүлөлөрдө айлап эт жебеген күндөр болууда. Азы-түлүк кымбаттады. Бул боюнча Министрлер кабинети ооз ачпай жатат. Бааны тескеген комитет жок. Министрлер бул боюнча бир да кыймыл кылган жок. Ушул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы келип, маалымат берсе», — деди ал.