Депутат Ажибаев: «Баткен менен Лейлекти бириктирген жолду сел алып кеткен. Бир жылдан бери жасалбай турат»

«Баткен менен Лейлекти бириктирген жолду сел алып кеткен. Бир жылдан бери жасалбай турат». Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда депутат Чыңгыз Ажибаев жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Баткен району менен Лейлек районун бириктирген жолдун 334-чакырымында Белес участкасы бар. Өткөн жылы жолду сел алып кетип, ушул күнгө чейин жасалбай турат. Бир унаа араң өтөт. Ошонун себебинен көп жол кырсыгы катталууда», — дейт депутат.