Депутат Ажибаев: «УКМК диплому жасалма болгон 4 эл өкүлүнүн ысымын атасын»

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев кайсы эл өкүлдөрүнүн диплому жасалма экендигине кызыкты.

«УКМК 4 депутаттын диплому жасалма деген маалымат берди. Алардын ысымын атагыла. Антпесе, Ажибаевдин диплому жасалма деп жазып башташты. Бирок мен беш жыл бою ЖОЖдо окугам», — деди Чыңгыз Ажибаев.

УКМКнын өкүлү атайын кызмат текшерүү гана жүргүзүп жатканын, ал аягына чыга электигин, ошондуктан маалыматтар ырастала электигин айтты. Анын үстүнө, тергөө жүргүзүлүп жатканына байланыштуу анын жашыруун болорун унутпоону билдирди. Депутат мындай жагдайда маалыматты эрте жайылтпай туруу керектигин айтты. Эл өкүлүнүн пикирине Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов да кошулду.

14-март күнү УКМКдан бир катар мамлекеттик кызматкерлер, анын катарында Жогорку Кеңештин 4 депутаты жасалма диплом колдонууга шектелип жатканын маалымдашкан.