Депутат Акаев: «Азыр Жогорку Кеңештин жалгыз күчү — бул микрофон»

«Азыр Жогорку Кеңештин жалгыз күчү — бул микрофон». Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

«Өкмөт парламентти эмне үчүн тоотпой жатат дешүүдө. Баш мыйзамды өзгөрткөнбүз. Мурда бюджетти караган учурда кабыл албай койсок, өкмөт толук курамы менен отставкага кетчү. Өкмөттүн отчетун да кабыл албай койсок, андай учурда да толук курамы менен отставкага кетишчү. Азыркы Баш мыйзам менен андай эмес. Биздин азыр жалгыз күчүбүз жана таянганыбыз — бул микрофон, коомдук пикир. Биз ошону менен гана элдин талабын аткарта алабыз», — деди депутат.