Депутат Акаев: «Биздин миссиябыз – кыргыз тилин өркүндөтүп, активдүү жайылтуу»

Бүгүн, 20-сентябрда «Альянс» парламенттик фракциясы Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрдү. Фракция лидери Жанарбек Акаев кыргыз тилин сактоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул процесстеги жаштардын өзгөчө ролуна токтолду.

«Бүгүнкү жолугушууда биз мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү боюнча идеяларды талкуулоо жана тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстандын бардык аймактарынан келген кыргыз тилине кайдыгер карабаган жаштарды чогулттук. Бизде эгемендик, мыйзам, туу, гимн – тилди мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык негиздер жана шарттар бар. Биздин миссиябыз – улуттук иденттүүлүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү болгон кыргыз тилин өркүндөтүп, активдүү жайылтуу», — деген Жанарбек Акаев 1989-жылдын 23-сентябрда кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө маанилүү кадам болгон тарыхый документ – Мамлекеттик тил жөнүндө алгачкы мыйзам кабыл алынганын эске салды.

Муну менен катар фракция лидери иш-чаранын максаты тилдик көндүмдөрдү үйрөнүүгө жана өздөштүрүүгө кызыгууну арттыра турган инновациялык методдорду колдонуу боюнча пикир алмашуу экенин белгиледи. «Кызыктуу долбоорлорду ишке ашырып, кур сөз менен эмес, иш жүзүндө үлгү көрсөткөн жаратман жаштардын саны өсүп жатканы кубандырат. Силер маданият, музыка, юмор – ар түрдүү тармактарда сапаттуу контент жаратып, кыргыз тилине кызыгууну арттырып жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдирем», — деген Жанарбек Акаев бул багыттагы айрым жетишкендиктер тууралуу сөз кылды.

Андан соң катышуучулар өз ишмердүүлүгүнө учкай токтолуп, кыргыз тилинин өнүгүүсү жана ролу жөнүндө баяндамаларды жасашты. Иш-чаранын соңунда тилди өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.