Депутат Акаев: «Бүгүнкү күндө 1800 бала бакча куруу зарыл»

Депутат Жанарбек Акаев Кыргызстанда Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн билим берүү тармагын реформалоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Быйыл билим берүү тармагына 60 миллиард сом каралган. Бирок бул билим берүү тармагындагы бардык маселелерди чечпейт. Тилекке каршы, статистика тескерисинче, балдарыбыздын 76 пайызы мектепке чейинки билим берүүгө тартылган эмес. Учурда бала бакчанын жоктугунан балдардын 24 пайызы гана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барат. Бүгүнкү күндө 1800 бала бакча куруу зарыл», — деди ал.
Жанарбек Акаев билим берүү тармагында жаңы реформалар зарыл экенин баса белгиледи. «Биз жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыктык, ал экинчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачууда лицензиялоодон кабарлоо тартибине өтүү сунушталууда. Билим берүү мекемелерин каржылоонун ваучердик механизмин акырындык менен киргизүү сунушталууда», — деди ал.