Депутат Акаев: «Ишкерлерге деп бөлүнгөн 60 миллион доллар 2 жылдан бериле элек»

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев 2021-жылы Азия инфраструктуралык инвестиция банкы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлгөнүн эске салды.

Ал каражаттын 100 миллион доллары насыя, 50 миллион доллары грант экенин айтып: «Бул каражаттар ишкерлерге тез арада жеңилдетилген насыя түрүндө берилиши керек эле, бирок 2 жылдан бери 90 миллиону гана берилген», — деп, калган 60 миллионун берүүнү тездетүүнү талап кылды.

Муну менен катар, бул долбоорду ишке ашыруучу өнөктөш банктар өздөрүнүн банкынан жогорку пайыздык чен менен коммерциялык насыя алуу үчүн кайрылган ишкерлерге артыкчылыктуу негизде пайызсыз насыя беришерин айтып, улуттук банкты жана башка жооптуу мамлекеттик органдарды бул жагдайга көңүл бурууну өтүндү.