Депутат: «Акаевчи, Бакиевчи, Атамбаевчи, Жээнбековчу деген сөздөрдөн арылышыбыз керек»

«60 жаштан өткөн адамдарды аткаруу бийлигине алып келгенде «чалдар келе жатат, жаштар кетип жатат» деген сөздөрдү мода кылдык». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев билдирди.

«Тескерисинче, өнүккөн өлкөлөрдө дагы мамлекеттик кызматтын жетекчилери аткаруу бийлигинде жаш курагы боюнча улуу муундун өкүлдөрү экен», — деген депутат өлкөлөрдү санап, статистика менен тааныштырды.

Депутат муну менен мурда жетекчилик кызматта иштеген адамдар коррупцияга аралашпаса, аброю таза болсо аткаруу бийлигине тартышы керектигин билдирди. «Биз Акаевчи, Бакиевчи, Атамбаевчи, Жээнбековчу деген жарлыктардан кетишибиз керек», — деди ал.