Депутат: «Акаевди актагандан кийин Бакиевди да актап, Атамбаевди чыгаргыла»

«Мынчалык ынтымагыбыз ыдыраган болсо, тарап эле кетели». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

«Иштей албагандан кийин эмне кылабыз? Зулушев боюнча сөз болуп кетти. Жакшы жагын айтып коёюн. Ал эл кыдырып келди. Депутатты 3 прокурор алып кеткени туура эмес. Шоу дебестен реалдуу карап, иштейли.

Аксыдагы 6 кишинин өлүмүнө байланышкан окуялардын күнөөкөрү Аскар Акаевди актап салдык. Анда «как раз» Бакиевди алып келип, Атамбаев менен териштирели. Эмнеге тандалма мамиле кылабыз? Акаевди актадыкпы, анда Бакиев менен Атамбаевди да актайлы», — деди ал.