Депутат Аккулу Бердиев «аткезчилик жолундагы мунай бизнеси бар» деген маалыматка жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Аккуллу Бердиев мунай бизнеси жөнүндө чыккан маалымат боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине комментарий берди. Анда депутат NEXT TV каналынын башкы редактору Кубатбек Айбашов айткан 80 күйүүчү май куюучу бекети бар экенин чындык деп белгиледи.

“Кыргызстанда мага таандык 80 күйүүчү май куюучу бекети бар экендиги чындык. Бирок алардын баары мыйзамдын негизинде иш алып барышат жана эч кандай контрабанда жок. Аткезчилик жолу менен иш алып барат деген чындыкка дал келбейт. Айтылган маалымат боюнча далил дагы жок”, — деп билдирди.

Ал эми NEXT TV каналынын депутаттын бизнесине байланыштуу жүргүзгөн анализи боюнча Аккулу Бердиевдин Кыргызстан боюнча «Асман-Ойл» деп аталган 80дей мунай бекеттери бар. Депутаттын мунай компаниясы кыргыз-тажик чек арасына чектеш жайгашкан Арка, Достук, Жаштык, Борбордук, Бешкент, Кулунду, Интернационал жана Кайрагач айылдарында дагы жайгашкан.